16-17-ноябрда Бишкектеги айрым көчөлөр убактылуу жабылат

2023-жылдын 16-17-ноябрында Бишкек шаарында Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө мамлекеттердин парламенттер аралык ассамблеясынын күзгү сессиясы өтөт.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча мамлекеттик инспекциясынын басма сөз кызматы билдиргендей, делегациялар өтүүдө төмөнкү жол тилкелери убактылуу жабылат:

— «Манас» аэропортунан Фучик көчөсү менен Жибек-Жолу проспектисине чейин;

— Жибек-Жолу проспектиси менен Манас проспектисине чейин;

— Манас проспектиси менен Ч.Айтматов көчөсү менен мамлекеттик резиденцияга чейин;

— Медеров көчөсү Байтик Баатыр көчөсүнөн Юнусалиев көчөсүнө чейтн. Эгерде башка жолдор жабылса, кошумча маалымат тиешелүү берилет.