16-17-ноябрда Бишкектеги мектептерде сабактар 35 мүнөттөн окушат

16-17-ноябрда Бишкектин мектептеринде сабактар кыскартылат. Тиешелүү буйрукка Билим берүү министрлиги кол койгонун журналисттерге мэриядан билдиришти.

Билим берүү министрлигинен борбордогу жана Сокулук районундагы Раздольное, Ат-Башы жана Комсомол айылдарындагы мектептерде сабактар ​​35 мүнөт болорун ырасташты.

Мындай чечим жол чектөөсүнө байланыштуу кабыл алынган. 16-17-ноябрда Бишкекте Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө мамлекеттердин парламенттер аралык ассамблеясынын күзгү сессиясы өтөт.