16-18-сентябрда өлкө аймагында абанын температурасы кескин төмөндөйт

Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, 16-сентябрдан 18-сентябрга чейин аба ырайы кескин өзгөрөт.

Бул күндөрү айрым жерлерде жамгыр жаап, күн күркүрөшү күтүлөт, тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн, кээ бир жерлерде жаан-чачын күчтүү болот.

16-сентябрда күндүз, ал эми 17-18-сентябрда абанын температурасы төмөндөйт:

ӨКМ белгилегендей, мындай туруксуз аба ырайы автотранспорттун, байланыш, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин, ошондой эле малды жайыттарда кармоо жана багуу шарттарын кыйындатат.