16-августка карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

Эртең, 16-августта Ысык-Көл облусунда түнкүсүн айрым жерлерде кыска мөөнөттүү жаан жаап, күн күркүрөйт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Күндүз Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Жалал-Абад облусунун тоолуу райондорунда кыска мөөнөттүү жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт, Жалал-Абад облусунун дыйканчылык аймактарында жана калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +13… +18, күндүз + 30…+35

Талас облусу түнкүсүн +9…+14, күндүз + 28…+33

Баткен облусу түнкүсүн + 17…+22, күндүз + 31…+36

Ош, Жалал-Абад облустары түнкүсүн +17…+22, күндүз + 31…+36

Ысык-Көл облусу түнкүсүн +10…+15, күндүз + 24…+29

Нарын облусу түнкүсүн +9…+14, күндүз + 26…+31

Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт, Абанын минималдуу температурасы түнкүсүн +14…+ 26, күндүз абанын максималдуу температурасы + 29…+31.