Айрым жерлерде кар жаайт. 16-декабрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

Бүгүн, 16-декабрдын биринчи бөлүгүндө көпчүлүк аймактарда, экинчи жарымында айрым жерлерде кар жаайт. Зымдарга жана бактарга суу кар жабышат. Мындай билдирүүнү Кыргызгидромет таратты.

Абанын температурасы Чүйдө -4…-9, Талас жергесинде -3…-8, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында 0…-5 градус, ал эми Ысык-Көл аймагында -1…-6, Нарын өрөөнүндө -5…-10 градус суук болот.

Бишкекте -4…-6, Ошто 0…-2 градуска чейин суук болору күтүлөт.