16-февралга карата өлкөдөгү аба ырайы

Эртең, 16-февралда өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 0…+5, күндүз +15…+20;

Талас облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +16…+21;

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн +2…+7; күндүз +17…+22;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз +3…+8;

Нарын облусунда түнкүсүн -7…-12, күндүз +2…+7;

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +2…+4 градус, күндүз +18…+20 градус болот.