16-июнга карата өлкөдөгү аба ырайы

Эртең, 16-июнда түнкүсүн Нарын облусунун кээ бир райондорунда, Ысык-Көл облусунун тоолуу райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондордо кар жаайт, башка аймактарда жаан-чачын болбойт.

Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу аймактарда кар жаайт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад дыйканчылык аймактарда, Баткен облусунда жаан-чачын болбойт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +10…+15, күндүз +27…+32;

Талас облусунда түнкүсүн +8…+13, күндүз +25…+30;

Баткен облусунда түнкүсүн +13…+18, күндүз +30…+35;

Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +13…+18, күндүз +30…+35;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +7…+12, күндүз +21…+26;

Нарын облусунда түнкүсүн +5…+10, күндүз +18…+23;

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +13…+15 градус, күндүз +30…+32 градус болот.