«16 жаштагы баланы сел алган эмес, эс-учун жоготуп каза болгон». ӨКМ Лейлектеги өспүрүмдүн өлүмүнүн себебин тактады

Буга чейин Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кечээ, 19-июлда Лейлекте сел жүргөнүн маалымдап, селден 16 жаштагы өспүрүмдүн көз жумганын билдирген эле. Кийинчерээк министрлик өспүрүмдүн коопсуз жерде туруп, эс-учун жоготуп каза болгонун билдирди.

«Такталган маалымат боюнча 2005-жылы туулган баланы сел агызган эмес, ал коопсуз жерде турган жеринен эс-учун жоготуп каза болгон»,- деп айтылат маалыматта.