16 жаштагы кыздын зордукталышы. Убактылуу кармоочу жайдан табылган телефон боюнча иликтөө башталды

иллюстрация

Сокулук РИИБдин убактылуу кармоочу жайынан уюлдук телефон табылып, кызматкерлерге кызматтык иликтөө башталды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

Маалым болгондой, 2021-жылдын 7-декабрында айрым социалдык тармактарга Сокулук РИИБдин убактылуу кармоочу жайындагы шектүү (16 жаштагы кызды зордуктоо боюнча) коркутууга кабылып жаткандыгы боюнча видеоматериал тараган. Милиция бул видеоматериалды текшерүү максатында Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайынын бардык камераларын текшерип, жыйынтыгында уюлдук телефон табылып алынган.

Белгилеп кетүүчү жагдай, коопсуздук максатында шектүү өзү жалгыз бир камерага алынган. Бирок бүгүн соттун чечими менен эки айга Бишкек шаарындагы №1 СИЗОго камакка алынды. Ал эми табылган телефон боюнча Сокулук РИИБдин убактылуу кармоочу жайындагы кызматкерлерге карата кызматтык иликтөө башталды.