«16 күндөн бери дайынсыз» деген апанын небереси табылды

Буга чейин апанын «Неберем 16 күндөн бери дайынсыз» деген видео кайрылуусу жарыялаган. Баткен ОИИБ маалымат таратып, өспүрүм Андарак милициясы тарабынан Оштон аман-эсен табылып, туугандарына өткөрүлүп берилгенин билдирди.