16-майдан тарта Кыргыз жарандарынын Орусияга кирүүсүнө коюлган чектөөлөр алып салынды

16-майдан тартып Кыргыз жарандары үчүн Орусияга кирүүгө, ошондой эле Орусиянын жарандарынын Кыргызстанга кирүүсүнө коюлган чектөөлөр алып салынды. Тиешелүү чечимди эпидемиологиялык абалдын турукташуусун эске алуу менен Орусиянын өкмөтү кабыл алды.

Бул маселе 14-апрелде Москва шаарында өткөн Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташуу боюнча кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиясынын 23-отурумунда талкууланган.