16-майга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

Эртең, 16-майда Кыргызстандын аймагында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

Күндүз Чүй, Ысык-Көл, Жалал-Абад, Талас облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +10…+15, күндүз +26…+31;

Талас облусунда түнкүсүн +9…+14, күндүз +24…+29;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +12…+17, күндүз +28…+33;

Ысык-Көлдө түнкүсүн +5…+10, күндүз +20…+25;

Нарын облусунда түнкүсүн +5…+10, күндүз +19…+24;

Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн +13…+15, күндүз +29…+31 градус ысык болот.