Боом капчыгайында 17-20-октябрь күндөрү таштарды түшүрүү жумуштары жүргүзүлөт. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» ишканасынан билдиришти.
«Бишкек-Нарын-Торугарт жолунун 118-чакырымында коркунучтуу таштарды түшүрүү жумуштары жүргүзүлөт. Жумуштар ИИМдин кызматкерлери тарабынан жолду жарым-жартылай тоскондон кийин саат 09:00дөн 15:00гө чейин жүргүзүлөт. Жолду тазалоо учурунда транспорт бир тилке боюнча багытталат. 30-40тан ашык унаанын топтолушу менен таштарды түшүрүү иштери токтоп, унааларды өткөрүүгө уруксат берилет. Иш-чаралар таш кулоо коркунучун алдын алуу максатында жүргүзүлүүдө», — дешти.