17-21-апрель күндөрү Боомдо таш түшүрүү иштери жүрөт

17-апрелден 21-апрелге чейин Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 118-чакырымында, Боом капчыгайында кооптуу таштарды түшүрүү иштери жүргүзүлөт.

ИИМдин кызматкерлери тарабынан жол жарым-жартылай тосулгандан кийин күндүзгү сааттарда иш саат 9:00дөн 15:00гө чейин жүргүзүлөт. Жолду тазалоо учурунда унаалар бир тилкеге багытталат.