17-апрелде айрым аймактарда үшүк жүрөт

17-апрелде түнкүсүн жана эртең менен Чүй, Талас облустарынын тоо этектеринде, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында үшүк жүрүшү мүмкүн. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, абанын температурасы -2 градуска чейин түшөт.

ӨКМ мындай үшүк жемиш бактарынын бүчүрлөрүнө, гүлдөгөн жемиш бактарына коркунуч жаратарын эскертти.