17-апрелге карата ашуулардагы абал тууралуу маалымат (видео)

Транспорт министрлиги ашуулардагы абал тууралуу маалымат берди. Бүгүн, 17-апрелге карата өлкөнүн айрым жолдору менен ашууларында кар аралаш жаан, кар жаап, бороон болууда.

Сосновка постунда түнкү саат 02:00дөн тарта оор жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөө киргизилди. Жол тейлөө ишканаларынын кызматкерлери өздөрүнө бөлүнгөн аймакты толук көзөмөлгө алып, жолдорду кардан тазалап, инерттик материалдарды чачып жатышат.

Бишкек-Ош унаа жолунун 124-134-чакырым жана 209-230-чакырым аралыктарында бороондон пайда болгон кар күрткүлөр тазаланып, инерттик материалдар себилүүдө. Ош — Сары-Таш — Эркечтам унаа жолунун Тоң-Мурун ашуусунда кар жаап, атайын техникалар тазалап жатышат. Унаа кыймылына чектөө жок. Барскоон — Ак-Шыйрак унаа жолунун Сөөк ашуусунда да кардуу бороон болуп, атайын техникалар даяр турушат. Жол ачык.