17-апрелге карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

Эртең, 17-апрелде Баткендин көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде жаан жаайт. Бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын болбойт.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +1…+6, күндүз +19…+24;

Талас жергесинде түнкүсүн +1…+6, күндүз +15…+20;

Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында түнкүсүн +7…+12, күндүз +21…+26;

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн +1…+6, күндүз +13…+18;

Нарын облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +13…+18;

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -8…-13, күндүз +2…+7 градус болот.

Бишкек шаарында жаан жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн +4…+6°, күндүз +21…+23° болот.