17-апрелге карата өлкөдөгү аба ырайы

Эртең, 17-апрелде түнкүсүн Чүй, Ош, Жалал-Абад, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоолуу райондордо кар жаайт. Ысык-Көл облусунун тоолуу райондорунда кар жаайт, Талас, Баткен аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт.

Күндүз кээ бир аймактарда жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаайт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +5…+10, күндүз +19…+24;Талас облусунда түнкүсүн +4…+9, күндүз +18…+23;

Баткен облусунда түнкүсүн +7…+12, күндүз +20…+25;

Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +7…+12, күндүз +20…+25;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +3…+8, күндүз +13…+18;

Нарын облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +13…+18;

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +7…+9 градус, күндүз +21…+23 градус болот.