17-августка карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

Эртең, 17-августта Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас облусунун айрым жерлеринде, Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн +16…+21, күндүз +30…+35,

Талас өрөөнүндө түнкүсүн +11…+16, күндүз +25…+30,

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +19…+24, күндүз +32…+37,

Ысык-Көл аймагында түнкүсүн +12…+17, күндүз +25…+30,

Нарын облусунда  түнкүсүн +10…+15, күндүз +26…+31 градус ысык болот.

Борбор калаа Бишкекте түнкүсүн жаан-чачын болбойт, күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +19…+21°, күндүз +32…+34° болот.