17-декабрда депутаттар ант берип, Жогорку Кеңеш өз ишин баштайт

8-чакырылыш өз ишин 17-декабрда баштайт. Жаңы шайланган депутаттар мандат алып, ант беришет. Бул тууралуу БШКнын төрагасы Тынчтыкбек Шайназаров бүгүнкү жыйында билдирди.

Буга чейин БШК Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун жыйынтыктарын таанып, 87 талапкерди парламенттин депутаты кылып каттаган.

Жогорку Кеңештин депутатынын ыйгарым укугу ал парламентте ант берген күндөн тартып күчүнө кирет.