17-июлга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

Николай Ачкасов

Эртең, 17-июлда түнкүсүн Жалал-Абад облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Калган аймактарда жаан-чачын болбойт.

Күндүз айрым жерлерде өткүн өтүп, күн күркүрөшү ыктымал, кээ бир райондордо нөшөрлүү жаан жаайт.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +14…+19, күндүз +28…+33;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн +12…+17, күндүз +27…+32;

Ош, Жалал-Абад жана Баткен аймактарында түнкүсүн +17…+22, күндүз +31…+36;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +12…+17, күндүз +22…+27;

Нарын облусунда түнкүсүн +7…+12, күндүз +24…+29;

Бишкекте түнкүсүн жаан жаабайт, күңдүз өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн +17…+19°, күндүз +30…+32° ысык болот.