Эртең, 17-июлга караган түнү Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт.
Күндүз Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Нарын облусунун айрым жерлеринде, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +17…+22, күндүз +34…+39,
Талас облусунда түнкүсүн +12…+17, күндүз +31…+36,
Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +20…+25, күндүз +34…+39,
Ысык-Көлдө түнкүсүн +15…+20, күндүз +28…+33,
Нарын облусунда түнкүсүн +10…+15, күндүз +28…+33,
Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Түнкү төмөнкү температура +20…+22, күндүзгү жогорку температура +36…+38 градус болот.