17-июндан тарта Бишкек-Балыкчы поезди каттап баштайт

Бишкек-Балыкчы багытындагы жүргүнчү поезд каттап баштайт. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолунан» билдиришти.

17-июндан 17-июлга чейин жума, ишемби, жекшемби күндөрү, ал эми 18-июлдан 31-августка чейин күнүгө Бишкек-2 — Рыбачье багытындагы өлкө ичиндеги жүргүнчү поезди каттайт.

№ 608 «Бишкек-2 – Рыбачье» поезди «Бишкек-2» станциясынан саат 07:40та чыгып, «Рыбачье» станциясына саат 11:42де жетет.

№ 609 «Рыбачье – Бишкек-2» поезди «Рыбачье» станциясынан саат 17:48де чыгып, «Бишкек-2» станциясына 21:50дө келет.