17-июнга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

Эртең, 17-июнда түнкүсүн жаан-чачын жаабайт. Күндүз Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 15…20, күндүз 30…35;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 11…16, күндүз 27…32;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 18…23, күндүз 32…37;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 10…15, күндүз 22…27;

Нарын облусунда түнкүсүн 6…11, күндүз 23…28;

Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 18…20°, күндүз 32…34 градус ысык болот.