Abank
SerepTV Logo

17 жаштагы кызды зордуктап, өлтүрүүгө шектелип кармалган адам мурда эмне үчүн соттолгону кабарланды

17 жаштагы кызды зордуктап, өлтүрүүгө шектелип кармалган адам мурда эмне үчүн соттолгону кабарланды
Коомчулукта Ысык-Көл облусунда 17 жаштагы кызды зордуктап, өлтүрүүгө шектелип кармалган адамды кылмыш жоопкерчилигине тартуу маселеси кеңири талкууланып жаткандыгына байланыштуу Жогорку соттун басма сөз кызматы төмөнкүлөрдү билдирди. 2006-жылдын 8-ноябрындагы Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун өкүмү менен шектүү Кылмыш-жаза кодексинин (1997-жылдын 1-октябрындагы редакциясы) 167-беренесинин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн кылмышты жасаган деп табылып, мамлекет пайдасына 5 000 (беш миң) сом өлчөмүндө айып пул төлөө жаза чарасы дайындалган. 2016-жылдын 11-февралындагы ошол эле соттун өкүмү менен Кылмыш-жаза кодексинин (1997-жылдын 1-октябрындагы редакциясы) 28-97-беренесинин 2-бөлүгүнүн 8 жана 11-пункттарында көрсөтүлгөн кылмышты жасаган деп табылып, күчөтүлгөн тартиптеги абакта 12 жылга эркинен ажыратуу жазасы дайындалган. 2016-жылдын 12-майындагы Бишкек шаардык сотунун кылмыш иштери боюнча соттук коллегиясынын өкүмү менен Октябрь райондук сотунун 2016-жылдын 11-февралындагы өкүмү өзгөртүлгөн. Ал төмөнкү кылмыштарды жасаган деп табылган: * Кылмыш жаза кодексинин 168-беренесинин 3-бөлүгүнүн 2-пункту боюнча – мүлкүн конфискациялоо менен 6 (алты) жылга эркинен ажыратуу; *Жазык кодексинин 123-беренесинин 1-бөлүгү боюнча – 3 (үч) жылга эркинен ажыратуу. Жазык кодексинин 59-беренесине ылайык, кылмыштардын жыйындысы боюнча шектүүгө акыркы жаза катары мүлкүн конфискациялоо менен 7 жылга эркинен ажыратуу дайындалган. Калган бөлүгүндө өкүм өзгөртүүсүз калган. Ал сот тарабынан дайындалган жазасын өтөгөн.