Доллардын курсу эс алуу күндөрү ылдыйлады

Өлкөдө эс алуу күндөрү доллардын курсу сомго карата 40-50 тыйынга түштү. Бүгүн, 17-майда акча алмаштыруучу жайларда жана коммерциялык банктарда долларды 83 сом 90 тыйын-84 сомдун тегерегинде сатып алып, ал эми сатуудагы баасы 84 сом 20 тыйын-84 сом 40 тыйындын тегерегин түзүп жатат. Ошентип, доллардын курсу ушул жылдын январь айындагы чекке ылдыйлады.