17-октябрдан тарта ЖРТга тестирлөө башталат

Билим берүү жана илим министрлигинин 16-октябрындагы буйругуна ылайык, 2023-жылдын абитуриенттерине кышкы кабыл алуу үчүн Жалпы республикалык тестке каттоо онлайн режимде өтөт. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинен билдиришти.

Жалпы республикалык тестке каттоо жашаган жери боюнча райондук (шаардык) билим берүү бөлүмдөрүндө онлайн режимде 2023-жылдын 17-октябрынан 27-октябрга чейин өткөрүлөт.

Жалпы республикалык тестке каттоого (кышкы кабыл алуу үчүн) мамлекеттик үлгүдөгү документтер менен ырасталган жалпы орто, же кесиптик орто билими бар жана учурдагы 2023-2024-окуу жылында жогорку окуу жайларда окубаган адамдарга уруксат берилет.

Кышкы кабыл алуу үчүн ЖРТ тесттик мезгили 2023-жылдын 24-ноябрынан 30-ноябрына чейин деп белгиленген.