18-19-июнда Бишкек менен Чүйдө электр жарыгы эмнеге жапырт өчкөнү айтылды

18-19-июнунда Бишкек шаарында жана Чүй облусунун айрым райондорунда электр энергиясы кыска мөөнөткө өчүрүлдү. Бул тууралуу Улуттук электр тармагынан билдиришти. 

Маалыматка караганда, бул кышкы сезонго даярдык көрүү үчүн жүргүзүлгөн оңдоо иштерине байланыштуу болгон. Айрым электр чубалгыларында иштөөдө электр өткөргүчтөрдүн кубаттуулугу жетишсиз болуп, электр энергиясынын убактылуу өчүшүнө алып келген. Коргоо системалары туура иштеп, жарылуу же өрт сыяктуу олуттуу окуялар катталган эмес.

Алдын ала маалыматтар боюнча, авариялык кырдаал «Кара-Балта – Главная» линиясынын ВЛ-220 өчүрүлүшүнөн улам келип чыккан. Энергетиктер электр менен камсыздоону калыбына келтирүү, окуянын себептерин тактоо жана кайра өчүүлөрдү алдын алуу боюнча ыкчам чараларды көрүшкөн. Учурда энергетика системасы штаттык режимде иштеп жатат.