18-20-февраль күндөрү кар көчкү жүрүшү мүмкүн

18-февралда абанын температурасы төмөндөйт. Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -18…-23°, түндүгүндө -22…-27°, күндүз -7…-12°, Талас өрөөнүндө түнкүсүн -20…-25°, күндүз -8…-13°, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн -5…-10°, күндүз 0…-5°, Ысык-Көл ойдонунда түнкүсүн -10…-15°, күндүз -4…-9°, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -16…-21°, күндүз -4…-9°, республиканын тоо этектеринде түнкүсүн -19…-24°, күндүз -9…-14°, республиканын тоолуу райондорунда түнкүсүн -20…-25°, күндүз -11…-16°, бийик тоолуу райондордо жана Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -28…-33°, күндүз -13…-18° суук болушу күтүлөт.
Мындай суук аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат. 18-февралдан 20-февралга чейин түзүлгөн метеорологиялык кырдаалга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош автоунаа жолунун 121-138-чакырымындагы Төө-Ашуу ашуусунда, 198-260-чакырымындагы Ала-Бел ашуусунун Чычкан капчыгайында; Суусамыр — Талас — Тараз жолунун 1-14-чакырымындагы Өтмөк ашуусунда, Ала-Бука — Каныш-Кыя автоунаа жолунун 59-113-чакырымындагы Чапчыма ашуусунда; Красная Горка —Ак-Таш автоунаа жолунун 0-3 -чакырымы, Мырза-Аке — Кара-Кулжа —Алайкуу автоунаа жолунун 55-115-чакырымында; Бишкек-Нарын-Торугарт автоунаа жолунун 292-305-чакырымындагы Долон ашуусу, 353-357-чакырымынын Кызыл-Бел ашуусу, Казарман — Ак-Тал — Чат автоунаа жолунун 42-44, 60-94-чакырымындагы Кара-Коо ашуусу, Ийри-Суу тилкеси, Арал — Миң-Куш автоунаа жолунун 1-14 чакырымы; Каракол-Эңилчек автоунаа жолунун 45-50, 74-90 чак. (Чон-Ашуу ашуусу), Барскоон-Ак-Шыйрак автоунаа жолунун 52-68 чакырымы (Сөөк ашуусу), Түп-Кеген автоунаа жолунун 51-76-чакырымы; Сары-Таш — Дароот-Коргон — Карамык автоунаа жолунун 97-98, 110-136-чакырымы, Ош — Сары-Таш — Эркештам автоунаа жолунун 165-177-чакырымындагы Талдык ашуусу жана Сары-Таш — Эркештам автоунаа жолунун 218-224-чакырымдарында Тоң-Мурун ашуусунда кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт.
Жолдор тайгак болот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.