18-20-май күндөрү өлкөнүн тоолуу райондорунда сел жүрүшү мүмкүн

18-майдан 20-майга чейин абанын температурасынын жогорулашына жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.