18-23-июль күндөрү абанын температурасы +41 градуска чейин жетери күтүлүүдө

Кыргыз гидрометеорологиялык кызматынын берген маалыматына ылайык, 18-июлдан 23-июлга чейин абанын температурасы +41 градуска чейин көтөрүлүүсү күтүлөт.

Мээ кайнаткан ысык өнөкөт оорусу бар адамдарды гана эмес, дени сак адамдын ден соолугуна да залакасын тийгизиши мүмкүн. Андыктан Саламаттык сактоо министрлиги буга чейин берген кеңештерди колдонуп, күндүн ысыгынан сактанууга чакырат.