18-апрелге карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

Эртең, 18-апрелде Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас облусунун айрым жерлеринде жаан жаап, бийик тоолуу райондордо кар жаайт.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +3…+8, күндүз +14…+19;

Талас жергесинде түнкүсүн +2…+7, күндүз +12…+17;

Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында түнкүсүн +9…+14, күндүз +13…+18;

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн +2…+7, күндүз +8…+13;

Нарын облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +8…+13;

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -3…-8, күндүз -3…+2 градус болот.

Бишкек шаарында жаан жаап, күн күркүрөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +5…+7°, күндүз +16…+18° болот.