18-августка карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

Кыргызгидрометтин маалыматына ылайык, түнкүсүн Ысык-Көл жана Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын айрым жерлеринде кыска мөөнөттүү жаан-чачын болуп, күн күркүрөшү күтүлөт. Талас облусунда жаан-чачын болбойт.

Күндүз Ош, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй жана Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде кыска мөөнөттүү жаан-чачын, күн күркүрөшү болот. Ош жана Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын күчтүү болот. Талас жана Баткен облустарында жаан-чачын болбойт.

Аба ырайынын температурасы:

Бишкек шаарында – булуттуу аба күтүлөт, кыска мөөнөттүү жамгыр жаап, күн күркүрөшү мүмкүн. Түнкүсүн: +16…+18°C, күндүз: +27…+29°C.

Чолпон-Ата шаарында – кыска мөөнөттүү жаан, күн күркүрөшү күтүлөт. Түнкүсүн: +14…+16°C, күндүз: +18…+20°C.