18-декабрдан тарта Бишкек — Москва поезд каттамы жандана турган болду

Бишкек – Москва каттамы калыбына келтирилет. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» ишканасынан билдиришти.

Ушул жылдын 3-сентябрынан 6-сентябрына чейин адистер Москва шаарында эл аралык жүргүнчү поезддеринин 2025-жылга карата кыймыл графигин иштеп чыгуу боюнча КМШ өлкөлөрүнүн темир жол администрацияларынын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жыйынына катышты. Жыйындын жыйынтыгында, Орусия жана Казакстан темир жолдору менен макулдашылган чечим кабыл алынып, 18-декабрдан тартып Бишкек – Москва жүргүнчү поездинин каттамы жумасына эки жолу аткарылары белгиленген. Бул поезддин багыты 2022-жылы Москва транспорттук түйүнүн реконструкциялоо иштерине байланыштуу Самара бекетине чейин кыскартылган.

Ошону менен бирге, 2025-жылы Бишкек – Казань багыты боюнча поезд жумасына бир жолу, ал эми Бишкек – Новосибирск багыты боюнча поезд 8 күндө бир жолу каттамын улантат.