18-февралга карата өлкөдөгү аба ырайы

Эртең, 18-февралда Кыргызстандын аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Түштүк-чыгыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 0…+5, күндүз +19…+24;

Талас облусунда түнкүсүн -1…+4, күндүз +19…+24;

Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында ​түнкүсүн +2…+7, күндүз +20…+25;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз +4…+9;

Нарын облусунда түнкүсүн -7…-12, күндүз +3…+8;

Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +3…+5, күндүз +19…+21 градус болот.