18-июлга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

Эртең, 18-июлда түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде өткүн өтөт. Күндүз көпчүлүк аймактарда жамгыр жаайт, кээ бир райондордо нөшөрлүү жаан жаашы мүмкүн.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +15…+20, күндүз +27…+32,

Талас жергесинде түнкүсүн +12…+17, күндүз +24…+29,

Баткен, Ош, Жалал-абад облустарында түнкүсүн +17…+22, күндүз +29…+34,

Ысык-Көл, Нарын облустарында түнкүсүн +10…+15, күндүз +23…+28,

Бишкек шаарында өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +18…+20, күндүз +29…+31 градус ысык болот.