18-июнга карата өлкөдөгү аба ырайы

Эртең, 18-июнда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Нарын облусунун кээ бир райондорунда, Чүй облусунун тоолуу райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондордо, Чүй районунун дыйканчылык аймактарында жана Таластагы тоолордо кар жаайт. Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт.

Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ош облустарынын айрым жерлеринде, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаайт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +15…+20, күндүз +29…+34;

Талас облусунда түнкүсүн +12…+17, күндүз +28…+33;

Баткен облусунда түнкүсүн +13…+18, күндүз +30…+35;

Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +13…+18, күндүз +30…+35;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +9…+14, күндүз +18…+23;

Нарын облусунда түнкүсүн +5…+10; күндүз +15…+20;

Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз жаан жаап, күн күркүрөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +18…+20 градус, күндүз +32…+34 градус болот.