«Мамлекеттик саясаттын социалдык багытын өнүктүрүүнүн алкагында биз президенттин жарлыгын даярдадык, ага ылайык томолой жетим балдарга 18 жашка толгондо 500 миң сом төлөнөт». Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров бүгүн, 4-апрелде Жогорку Кеңеште билдирди.
«Учурда өлкөдө 1868 жетим бала бар. Алар үчүн быйылкы жылдан баштап 270 миллион сом банктарга жайгаштырылат. Биздин сиздер менен максатыбыз бир – элибиздин кызыкчылыгын коргоо жана бакубаттуулугун камсыздоо. Кыска мөөнөттүү жана перспективдүү пландар бекитилип, иш жүрүп жатат. Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгын белгилөөнүн алкагында өлкөдө 100 өнөр жай жана 100 социалдык объектилер ачылат», — деди ал.