18 жаштагы Асылбек Чыраков изделип жатат

Биринчи Май райондук ички иштер башкы башкармалыгы тарабынан 2003-жылы туулган Асылбек Чыраков изделип жатат. Бул тууралуу бүгүн, 29-январда аталган башкармалыктын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Асылбек болжол менен саат 16:00дө Медициналык академиядан чыккан, бирок үйүнө кайтып барган эмес. Ошол эле күнү жакындары милиция кызматкерлерине кайрылышкан.

Милиция Асылбектин жүргөн жерин билгендер болсо 0(703) 102-261, 0(552) 102-261 телефон номурлары же «102» кызматы аркылуу байланышууну суранат.