18 жаштагы Асылбек Чыраков табылды

3 күндөн бери дайынсыз болуп жаткан 2003-жылы туулган Асылбек Чыраков табылды. Бул тууралуу бүгүн, 30-январда Биринчи Май РИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Асылбек кечээ, 29-январда табылган. Милициянын берген маалыматы боюнча анын абалы жакшы.

Асылбек Чыраков 26-январда болжол менен саат 16:00дө медициналык академиядан чыккан бойдон үйүнө кайтып барган эмес. Ошол эле күнү жакындары милицияга жардам сурап кайрылган болчу.