18-майга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

18-майда өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жаан жаайт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +12…+17, күндүз +22…+27,

Талас өрөөнүндө түнкүсүн +10…+15, күндүз +20…+25,

Баткенде түнкүсүн +12…+17, күндүз +21…+26,

Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +13…+18, күндүз +22…+27,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +9…+14, күндүз +21…+26,

Нарын облусунда түнкүсүн +7…+12, күндүз +22…+27.

Бишкек шаарында түнкүсүн жана түшкө чейин жаан жаабайт, 18-майда түштөн кийин жаан жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн +14…+16, күндүз +24…+26 градус болот.