18-майга карата өлкөдөгү аба ырайы

18-майда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Ош, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак болот.

Абанын температурасы:

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +12…+17, күндүз +28…+33,

Талас облусунда түнкүсүн +6…+11, күндүз +24…+29,

Чүйдө түнкүсүн +9…+14, күндүз +25…+30,

Нарын облусунда түнкүсүн 0…+5, күндүз +17…+22,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +15…+20,

Бишкек шаарында жамгыр жаабайт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы +10…+12 градус, күндүзгү температурасы +28…+30 градус болот.