18-мартка карата өлкөдөгү аба ырайы

Эртең, 18-мартта өлкөнүн айрым облустарында кар аралаш жамгыр жаайт. Чүй, Талас аймактарында күн ачык болот.

Түнкүсүн жана эртең менен кээ бир райондордо туман түшүшү күтүлөт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз +9…+14;

Таласта түнкүсүн -3…-8, күндүз +9…+14;

Баткенде түнкүсүн -4…+1, күндүз +10…+15;

Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -4…+2, күндүз +10…+15;

Ысык-Көлдө түнкүсүн -4…-9, күндүз +1…+6;

Нарын облусунда түнкүсүн -6…-11, күндүз -3…+2;

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн -2…-4 градус, күндүз +11…+13 градус жылуу болот.