18-ноябрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

Эртең, 18-ноябрда күндүз Талас, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондорунда кар жаайт. Калган аймактарда жаан-чачын болбойт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +5…+10, күндүз +19…+24,

Талас облусунда түнкүсүн +2…+7, күндүз +18…+23,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +4…+9, күндүз +17…+22,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз +8…+13,

Нарын облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз +7…+12.

Бишкекте жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн +7…+9, күндүз +22…+24 градус болот.