18-сентябрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

Эртең, 18-сентябрда түнкүсүн Чүй, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында, Нарын облусунун айрым жерлеринде, Жалал-Абад облусунун тоо этектери жана тоолуу райондорунда жамгыр жаап, күн күркүрөйт.

Күндүз Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас облусунун айрым жерлеринде жамгыр жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаайт.

Абанын температурасы:

Чүй облусу
түнкүсүн: +6…+11°
күндүз: +17…+22°

Талас облусу
түнкүсүн: +2…+7°
күндүз: +15…+20°

Баткен облусу
түнкүсүн: +9…+14°
күндүз: +20…+25°

Ош, Жалал-Абад облустары
түнкүсүн: +9…+14°
күндүз: +20…+25°

Ысык-Көл облусу
түнкүсүн: +5…+10°
күндүз: +18…+23°

Нарын облусу
түнкүсүн: +3…+8°
күндүз: +18…+23°

Бишкек шаарында маал-маалы менен жамгыр жаап, күн күркүрөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +9…+11, күндүз +18…+20°