«181 чакырым». Владислав Шулико Ысык-Көлдү сүзүп өтүүгө белсенди

22-августтан 27-августка чейин «Issyk-Kul Swim 181» долбоордун алкагында Владислав Шулико Ысык-Көлдө Каракол шаарынан Балыкчы шаарына чейинки 181 чакырым аралыкты сүзүп өтөт. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, старт бүгүн саат 07:30да Каракол шаарынын пристанынан башталды. Спортчу аба ырайынын шарттарын жана башка факторлорду эске алуу менен 4-5 күндүн ичинде марага жетүүнү максат кылган.

«Владислав Шуликону коштоп жүрүүгө ӨКМ тарабынан беш суучул куткаруучу, эки моторлуу кайык саат 7:38 чамасында тартылды»,- деп айтылат маалыматта.