19-22-февралда өлкөдөгү тоолуу райондордо кар көчкү түшүүcү күтүлөт

19-февралдан 22-февралга чейин жаап өткөн жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүcү күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Андагы маалыматка ылайык, Бишкек-Ош унаа жолунун 121-138 чакырымында, Чычкан капчыгайындагы Ала-Бел ашуусунда, Көк-Бел ашуусунда, Өтмөк ашуусунда, Ала-Бука — Каныш-Кыя унаа жолундагы Чапчыма ашуусунда, Долон ашуусунда, Кара-Үңкүр капчыгайында, Кызыл-Бел ашуусунда, Ийри-Суу тилкесинде, Талдык ашуусунда, Сары-Таш — Дароот-Коргон  -Карамык унаа жолунун 98-136 чакырымдарында кар көчкү түшүүcү күтүлөт.