19-апрелде өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

Эртең, 19-апрелде Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөйт.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +1…+6, күндүз +12…+17;

Талас жергесинде түнкүсүн +1…+6, күндүз +11…+16;

Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында түнкүсүн +6…+11, күндүз +10…+15;

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн +1…+6, күндүз +9…+14;

Нарын облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +6…+11;

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -3…-8, күндүз -4…+1 градус болот.

Бишкекте жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн +4…+6°, күндүз +12…+14° болот.