Эртең, 19-декабрда Кыргызгидромет билдиргендей, өлкөдө түнкүсүн жаан-чачын болбойт.
Күндүз Жалал-Абад облусунун тоолуу райондорунда кар жаайт, Жалал-Абад облусунун дыйканчылык аймактарында жана калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.
Түштүк-чыгыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрден, Чүй облусунун чыгышында 15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз +4…+9,
Талас өрөөнүндө түнкүсүн -5…-10, күндүз +5…+10,
Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында түнкүсүн -1…-6, күндүз +3…+8,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -4…-9, күндүз -1…+4,
Нарын облусунда түнкүсүн -15…-20, күндүз -1…-6 градус суук болот.
Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн -3…-5, күндүз 5…7 градус болот.