19-июнга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

Эртең, 19-июнда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Талас облусунун айрым жерлеринде, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. 

Абанын температурасы: 

Чүй облусунда түнкүсүн +20… + 25, күндүз + 36… + 41

Талас облусунда түнкүсүн +17… + 22, күндүз + 32… + 37

Баткен облусунда түнкүсүн +20… + 25, күндүз + 36… + 41

Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +21… + 26, күндүз + 36… + 41

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +11… + 16, күндүз +26…+31

Нарын облусунда түнкүсүн +8… + 13, күндүз + 27 … +32

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +23…+25, күндүз +38…+40.